Футзал боюнча улуттук курам Азия чемпиондугунда алгач Ливан, анан Өзбекстан менен беттешет (оюндардын тизмеси)

2016-жылы Ташкентте өтчү футзал боюнча Азия чемпиондугунда тайпалык баскычта улуттук курам “А” тайпасына түштү. Бул тайпада Өзбекстан, Ливан жана Сауд Арабиясы бар. Оюндардын катар тизмесин түзүүдө кыргыз футболчулары алгачкы турда Ливан менен, 2-турда Өзбекстан курамасы менен ойной турганы белгилүү болду. Ал эми акыркы оюн Сауд Арабиянын футболчуларына каршы болот.

Кошумчалай кетсек, Азия чемпиондугу 10-21-февраль аралыгында Ташкент шаарында өтөт. Мелдешке катыша турган 16 курама команда 4 тайпада өз ара ойноп, эң көп упай топтогон 2 команда плей-оффко чыгат.

“А” тайпасы: Өзбекстан, Ливан, Кыргыз Республикасы, Сауд Арабиясы

“В” тайпасы: Иран, Ирак, Иордания, Кытай

“С” тайпасы: Таиланд, Вьетнам, Тайбэй, Тажикстан

“D” тайпасы: Япония, Австралия, Малайзия, Катар.

Оюндардын тизмеси:

1-тур. 10-февраль

Ливан – Кыргыз Республикасы

2-тур. 12-февраль

Кыргыз Республикасы – Өзбекстан

3-тур. 14-февраль

Кыргыз Республикасы – Сауд Арабиясы

Чейрек финал. 17-февраль

А тайпасынын жеңүүчүсү – В тайпасында 2-орунду алган команда

C тайпасынын жеңүүчүсү – D тайпасында 2-орунду алган команда

B тайпасынын жеңүүчүсү – A тайпасында 2-орунду алган команда

D тайпасынын жеңүүчүсү – C тайпасында 2-орунду алган команда

Жарым финалдык беттеш 19-февралга туураланса, финалдык беттеш 21-февралда орун алат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ruslan_d
2015-12-04 13:20:48
Жакшылап даярдык коргуло жигиттер! Тактиканы туура тандап ойносонор эле болду алардын оюн денгели деле силердей эле менимче! Негизи биздин футзалчылар кучт,тактика жагынан уткузуп коюшатда дайым! Жакшырак тренир коюш керек!
+1
muradil22
2015-12-04 13:33:09
Кыргызстан алга
+2
arap00
2015-12-04 19:39:45
Биздин футзалчылар деле кучтуу ойношот экен бир гана тактикага анча деле конул бурушпайт окшойт.Кураманын оюндарын коруп ушул ойго келдим.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан