3-декабрда Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы Улуттук драма театрында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендердин күнү белгиленди. «Менин тилегим» аттуу акциянын алкагында балдар таланттарын көрсөтүп, белектерге ээ болушту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди шаардын вице-мэри Ильичбек Эргешов, шаардык кеңештин депутаттары, Кытай, Казакстан, Орусиянын дипломатиялык консулдугунун өкүлдөрү куттукташты. Иш-чарада эстрада жылдыздары өздөрүнүн белгилүү чыгармаларын ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен аткарышты.