Ноокат районунун акими: “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерге транспорт каттамдары акысыз болот”

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга Ноокат райондук транспорт каттамдары акысыз болорун райондун акими Бекболот Айтиев билдирди. Муну райондук администрациядан кабарлашты.

Маалым болгондой, кечээ, 3-декабрь - Эл аралык ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды коргоо күнүнө карата Ноокат райондук администрациясы, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгы, Ноокат райондор аралык медико-социалдык эксперт комиссиясы, "Жаш ниет" жаштар коомдук бирикмеси тарабынан иш-чара уюштурулду.

Ага Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын резервдик фондунан акчалай каражат бөлүнүп, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жана дүлөйлөр коомуна акчалай көмөк көрсөтүлдү. Ноокат району боюнча жалпы 6300дөй ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар, алардын 2470и тубаса болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
Gulya21
2015-12-04 17:43:26
Жакшы эми ишке ашыргыла ден соолугу чектелген адамдарга аз болсо да жардам болот
+1
senchi
2015-12-04 18:03:48
Азаматсынар Аллах колдосун.
+1
MuslimNur95
2015-12-04 18:24:04
Менин шаарымго ноокатым, азамат аким жакшы ишке ашыргыла ийгилик .
+2
misster88
2015-12-04 18:50:36
Ноокатдагы эшек бизнес не болду экен? Эч ким ун катпайтко?
0
Mars55
2015-12-04 18:56:45
Чынбы жалганбы билбейм Торобай Зулпукаров деген ХХХ ХХХ тагасыбы же жездесиби болот экенго Ноокаттын акими.
0
admin_portal
2015-12-07 17:15:46
Mars55 - эскертүү!
Кимдир бирөөлөрдү кемсинтип, мазактаган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
briliant87
2015-12-04 19:00:09
Ноокатда да эшек окуясы болдубу а?
0
Mars55
2015-12-04 19:25:07
briliant87, кок жар деген айылда 400 эшек багылган.
0
jibek.shami
2015-12-06 19:18:38
ошол эшектин эсебинен берилип жатат да пулдап анан берилип жатат мына акылдуулукту
0
dasta
2015-12-07 16:38:17
jibek.shami, ойноп суйлосонда,ойлоп суйлогунун тууганым.Сен ал ешектер жоонундо таак маалымат алып анан суйло дабдырап бир демелерди айтпай))))
0
jibek.shami
2015-12-08 01:08:23
акылдуусун го ээ даста так маалыматты сенден жакшы билсем керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан