Бишкекте 6-декабрда тогуз коргоол боюнча залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган мелдеш башталат. 6-ирет өтүп жаткан мелдеш Улуттук китепканада орун алат.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлагандай, мелдеште кыз-келиндер жана уландар жекеликте жеңүүчүлөрдү аныкташат. Жеңүүчүлөр залкар жазуучунун туулган күнүндө, 12-декабрда аныкталат.