Улуттук китепканада акын жана публицист Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган көргөзмө өтөт

8-декабрда А.Осмонов атындагы Улуттук китепканада белгилүү жазуучу-манасчы, киносценарист, акын, публицист, котормочу Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган “Чебер сөз кереметине айланган өмүр” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү өткөрүлөт.

Көргөзмөгө таланттуу жазуучунун бардык китептери, котормолору, макалалары, публицистикалары, фотодокументтери сыяктуу материалдар коюлат. Ага Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, маданият кызматкерлери, студенттер, массалык-маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышат.

Ашым Жакыпбековдун чыгармачылык жолу 1957-жылы башталган. Алгачкы китеби “Айгашка”, “Жаралуу көгүчкөн” деген ат менен 1961-жылы басылып чыккан. “Катаал багыт”, “Биз атасыз өскөнбүз”, “Кыргыз жеринин жомоктору”, “Айдагы жез кемпир” деген жыйнактары кыргыз адабиятынын алтын текчесинен орун алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
monkey92
2015-12-04 17:42:36
кантип байланышсак болот?? Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына катышкым келет. Маалымат берип койосунарбы Админ?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан