Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу Азия Футбол конфедерациясынын Азия Кубогуна даярдык көрүү үчүн каражат издеп жатат

Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу Азия Футбол конфедерациясынын Азия Кубогуна даярдык көрүү үчүн каражат издеп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына команданын медиа-офицери Кубанычбек Ураимов билдирди.

Анын айтымында, команда Түркияда машыгуу сборун өткөрүүнү пландап жатат. Клуб учурда сборго коротулчу каражатты төлөп берчү демөөрчүлөрдү издөөдө. "Стадионду оңдоп-түзөөдөн өткөрүү тууралуу азырынча сөз боло элек",- дейт К.Ураимов.

Кошумчалай кетсек, Азиянын Футбол конфедерациясы мелдешке катышуу үчүн Кыргыз Республикасынан "Алай" клубун жана "Алга" клубун чакырган. "Алайлыктар" макулдук беришсе, "Алга" каржы маселесине байланыштуу баш тарткан.

"Алай" тандоо туру аркылуу мелдешке жолдомо алмакчы. 11-декабрда Малайзияда өтчү чүчү кулак таштоо аземинде тандоо турундагы атаандаштар белгилүү болот жана катышуучу командалар тайпаларга бөлүнөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
shailoo2015
2015-12-04 18:09:18
Акчам болгондо ушуларга жардам бермекмин колдоочулар чыгып калар буйруса.
+2
Nusii
2015-12-04 19:18:03
shailoo2015,Туура мендеда болгондо бермекмин.
+1
arap00
2015-12-04 19:30:33
Кубокко катышса жакшы. Ошто да футбол корот экенбиз эми)))
Былтыры кубоко катышып уят эле болгон
0
Altyn198
2015-12-04 19:39:20
Бир номер ачып койсун ар бирбиз колдон келишинче которсок ошондо топтолуп калат кимиң кандай дейсиңер?
+1
Mars55
2015-12-04 20:14:37
Altyn198, эн туура, коп тукурсо кол болот дегендей.
0
ruslankg
2015-12-04 22:40:27
Altyn198, эн туура Кыргызстанда футбол куйормандары коп эле
0
T.Shaiyrbek
2015-12-05 12:02:01
Оштун мери каржылаш керек болчуда,Мелис барда машиналарынан бери алып бердилего. Айтмамат Ашага жагынып журобер сен башка шаардын командасындай мамиле кылып
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан