Ош. Шаардагы мектеп мугалимдери мамлекеттик тил боюнча сынакка катышат

Эртең, 5-декабрда Ош шаарындагы мектептердин мугалимдеринин катышуусунда “Мамлекеттик тил мугалими” сынагы өтөт. Анда ар бир мектептин бирден мугалими атайын иштелип чыккан тест түрүндөгү суроолорго жооп берет.

Шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, сынак аталган башкармалыктын мамлекеттик тилдин үч айлыгына карата чыгарган буйругунда көрсөтүлгөн иш пландын негизинде өтүүдө. “Тесттин суроолору "Мамлекеттик тил" мыйзамы, кыргыз тилинин жазуу эрежелери, компьютер жана интернет менен катышы, тилибиздин тарыхы, башка тилдер арасындагы орду, сөздүктөр жана башка мамлекеттик тилге байланыштуу ар кайсы маалыматтар боюнча түзүлдү”,- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан