Туугандары аркылуу Казакстанга үй-бүлөсү менен иштегени барып алданып калган Нурбек Мадумаров: "Кургак нан, макарон жеп күн өткөрүп жаттык"

Башка өлкөгө жумуш издеп барып алданып, кулчулукка кабылган кыргыз жарандарынын саны аз эмес. Алардын бири Ош облусундагы Кара-Суу районуна караштуу Мөнөк айылынын тургуну Нурбек Мадумаров Казакстанга иштегени барып алданып калганын SUPER.KG порталына айтып берди.
"Мындан 5 ай мурун келинчегим жана 3 балам менен Казакстанга мал караганы барганбыз. Ал жумушту жездем таап берген. Алматыга барганда жездемдин жээни тосуп алып, бизди малы көп Ибрагим аттуу күрттүн колуна тапшырды. Алар бизге ай сайын 60 миң теңге төлөп беришерин айтышкан. "Келинчегиң иштебейт, үйдө отурат" деген, бирок ага дагы 30 уй саадырып, оор жумуш жасатышты. Башында "каттоого тургузабыз" деп паспортторубузду алган. Көрсө, алдаптыр. Алданып калганыбызды эки айдан кийин билип, кетүүгө аракет кыла баштадык, бирок акча беришкен жок",- дейт ал.
"Кургак нан, макарон жеп күн өткөрүп жаттык. Акыры "эжебиз каза болду, барып келели" деп алдадык. Алар ошондо ишенип, 10 миң теңге карматышты. Ошону менен "Алтын-Ордо" деген базарга жетпей, жолдон таштап коюшту. Ал жерден такси менен кыргыздар иштеген базарга келдик, алар акча, кийим-кече чогултуп, кыргыз жерине кеткенге жардам беришти. Үч-төрт күндөн кийин чек арадан ИИМдин Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү бизге жардам көрсөтүштү. Эми Кыргыз Республикасынын Казакстандагы элчилиги 5 айдан берки айлыгыбызды алып берсе жакшы болот эле",- дейт Нурбек Мадумаров.
Кулчулукка кабылган аял: "30 уй саап, чакалап суу ташычумун..."
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (27)
kobra86
2015-12-06 15:05:49
Аллахтан коркпогон пенделер
+3
nurchik05
2015-12-06 15:50:39
Казахстан да кордук корогон жарандарыбыз аябай коп
+3
MuslimNur95
2015-12-06 16:18:35
ИИМдер ушул кишиге жардам берсе жакшы болмок,аларды таап иштеген акчасын алыпбериш керек, адал эмгек
+3
kuba1983
2015-12-06 19:12:09
канале ошол казакстандагы кыргыз элчилиги 5 айдан бери айлык маянасын алып берсе жакшы болмок.
+2
AiBoru
2015-12-06 20:48:09
Казактарга тиешелуу "Жакшыы" создорду айтайын деймин, БАНга киргизип койобу дейм даа.
+5
nur0077
2015-12-06 21:10:20
Суйуктуу легендарлуу Ажобуз менен дуйнодо жок премьер министрибиз оло жакшы иштеп жатышат,Элибиз мекенибизден чет жака чыкпай,бардык Росссиялыктар,Америкалыктар Кыргызстанга келип мигрант болуп иштеп жатышат.Дуйнодо Кыргызстан Экономикасы 1 орунда.ушундай да катуу иштешеби ото тан калам.Эл сыяктуу дем алышса болбойбу дейм да.Эл 500% жумуш менен камсыз болгон.бош орунга АКШлыктар менен Россиялыктар очередде турушат.Кандай сонун биздин Чон жегендер.
+5
RaHat19
2015-12-06 21:21:22
казакка барсан машиненин номерин коруп эле баса калат экен.Биз кыргыздар эмне кылдык буларга,откон айда барып убара болуп келдим. биз барган уйго кыргыздар келди десе бизди коруп учурашканы 3 кыргыз жигиттер келди кайдан болосунар десем ош жактыктар экен кандайсынар десем болот жакшыбыз деп койду.
0
Maks_shop
2015-12-06 21:30:52
Биздин мамлекет качан оңолот?
+2
nurik2103
2015-12-06 22:47:21
казактар емес озубуздун кыргыздар деле алдап журот россияда, мындан бир жыл мурун жетообузду озубуздун кыргыз еле алдап кетти жетообуздун 250 мин рубльлубузду жеп кетти, сурасан кайра озуно асылат фирма бербей койсо не кылайын деп.
+1
DNurgiza
2015-12-06 23:08:27
аянычтуу окуя болгон экен.... балдарына боорум ооруп, ыйлагым келди.... чындап эле акчасын алып берип коюшса экен.
+4
Mars55
2015-12-06 23:23:32
Баарына кунолуу жездеси окшойт.
+4
erikkarakulja
2015-12-06 23:51:15
Ушуга окшогон проблемаларды ойлогон бир да чиновник жок бизде.кайран гана Кыргызым бешенен ушу экенда .
+2
TOMMYHILFIGER
2015-12-07 00:13:20
Ар жерде темселеп кордук коруп отуп кетмей болдукко.
+6
ailam14
2015-12-07 01:45:43
байкуш жаман болуптур
+3
nur0077
2015-12-07 10:09:34
Окмот Элден налог эле жыйнап,жыргап отура бербей, Элге жакшы шарт тузуп,программа иштеп чыкпайбы десен.ЕАЭСке кучтоп киргизди,Канчалаган машиналарды кымбаттайт деп алдап Элге саттырды,Элде акча жок,машина бар,Тукендер Россиядан бизнести таштап чыгып баратат,ошолорду Кыкендерге акырын суйлошуп алып бербейби.Ушунча да макоо Окмот болобу?Элге шарт тузсо эле,Эл акчаны иштеп таап,Окмотту да,озун-озу да багат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан