Ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында Бишкекте этнокөргөзмө өтүүдө

Кылымдарды карыткан кыргыздын маданияты, анын ичинде улуттук тамагы, оюндары, кийимдери замандын талабына жараша өзгөрүп келди. Бүгүнкү күндө кыргызга тиешелүү оюуларды оюп, буюмдарды жасаган кол өнөрчүлөрдүн саны арбын. Улуттук колориттеги кийим-кече, буюмдар учурда бааланып, колдо жасалган нерселердин баасы кымбат турат. Аларга болгон суроо-талап да көбөйүп жаткан кез. Мына ошол өткөн күндөгү тарыхый моданы заманбап стилге айланткан өндүрүшчүлөр бүгүн этнокөргөзмөгө чогулушту.

Иш-чаранын максаты - ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо, этностилде өзүн таба алган дизайнерлердин жаңы жетишкендиктерин көрсөтүү, ишкердик боюнча өнөктөштөрдү табуу.

Бүгүн, 6-декабрда Бишкекте көргөзмө өз ишин баштап, өндүрүшчүлөр өздөрү жасаган буюмдарды бир жерде көрүүчүлөргө көрсөтө алышты. Ага саясий жана коомдук ишмерлер катышты. Кызыктуу оюндар, бийлер менен коштолгон иш-чарада Гүлнур Асанова, Дайыр Исмадияров сыяктуу ырчылар чыгармаларын тартуулашты. Көргөзмө 7-декабрда да уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
NurbekKG
2015-12-07 04:07:23
Өтө сонун!!!
+3
AiBoru
2015-12-07 08:59:32
Ата Мекен ондурушчулорун колдоо керек. Баарына экспортко чыгарууга комок корсотсо, ошондо бир топ Кыргызстандын экономинасы которулмок, башка валютага туруктуулук болмок
+3
AiBoru
2015-12-07 09:02:31
Патриот болуубуз керек, оз мекенибиздин продукцияларын колдоп, колдон келишинче мактап, озубуздун гана продукцияларыбызды колдонуубуз керек.
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан