Бишкек шаарынын Патрис Лумумба көчөсүн оңдоо иштери аяктагандыгына байланыштуу Дэн Сяопин кең көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки аралыгы ачылды. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришти.
Патрис Лумумба көчөсүнүн Профсоюз көчөсүнөн Талды-Суу көчөсүнө чейинки аралыгын оңдоо иштерин 2016-жылы жыйынтыктоо пландалууда.