Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу АФКнын Кубогунун тандоо турунда ливандык “Триполи” клубу менен беттешет

Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу АФКнын Кубогунун тандоо турунда ливандык “Триполи” клубу менен беттешет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына команданын медиа-офицери Кубанычбек Ураимов билдирди.

Анын айтымында, 4-декабрда орун алган чүчү кулак таштоо аземинде аталган Кубоктун тандоо туруна катыша турган 8 команда атаандаштарын табышты. Учурда өлкө чемпиону “Алай” клубу Ливандын кубогунун ээси “Триполи” клубу менен беттешет. Оюн 9-февралда Ливанда өтөт. 1 беттештин жыйынтыгында эки команданын бири тайпалык баскычка жолдомо алат.

Тандоо турундагы атаандаштар:

“Аль Хидд” (Бахрейн) – “К-Электрик” (Пакистан)

“Триполи” (Ливан) – “Алай” (Кыргызстан)

“Аль Вахда” (Сирия) – Түркмөнстандын 2-командасы

“Ахли Аль Халил” (Палестина) – “Худжанд” (Тажикстан)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
soccer_boy95
2015-12-07 09:39:34
А башка клубдар, озбекстандын клубдары катышпайбы?
0
Patriot...kg
2015-12-07 11:01:07
soccer_boy95, alar tuz ele otot
0
aitbek.06
2015-12-07 09:41:34
ийгилик
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан