Кыргыз Республикасында бензин арзандап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда Нефтетрейдерлер ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн түндүк аймактарында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литри 0,5 сомго, түштүктө 1 сомго арзандады. Ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы жалпы республика боюнча 1 сомго түштү. Бишкекте АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин 1 литринин баасы буга чейин 41 сомдон болсо, эми 40,5 сомдон сатылууда. Ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 44,5 сомдон 43,5 сомго арзандады.
Өлкөнүн түштүк борборунда АИ-92 бензини 42 сомдон сатылууда, буга чейин 43 сомдон болчу. Ал эми АИ-95 үлгүсүндөгү бензин 1 сомго арзандап, 47 сомдон 46 сомго төмөндөдү.
"Күйүүчү майдын чекене баасынын төмөндөшү мезгилдик себептен улам орусиялык нефтини кайра иштетүүчү ишканаларда дүң баасынын арзандашына байланыштуу. Орусиялык рынокто күйүүчү май продукциясынын көлөмүнүн өсүшү байкалууда. Мындан тышкары кыштын келиши менен күйүүчү майга суроо-талап азаюуда",- деп түшүндүрөт мекеме.