5-6-декабрь күндөрү Бишкекте дзюдо боюнча “Хан Манас” кубогу үчүн эл аралык мелдеш өтүп, ага Кыргыз Республикасы, Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстандын спортчулары катышты. 17 жаштан 21 жашка чейинки курактагы спортчулар катышкан мелдеште уландар жана кыз-келиндер арасында 8ден салмак категориясында чемпиондор аныкталды.
Улуттук дзюдо федерациясынан кабарлашкандай, жеңиш үчүн 350 спортчу кармашып, жыйынтыгында казак спортчулары командалык эсепте жеңүүчү аталышты. Алар жалпысынан 9 алтын медаль багынтышты. Кыргыз спортчулары жана өзбекстандык спортчулар үчтөн алтын утушса, тажикстандыктар 1 алтын медаль тагынышты.
Кошумчалай кетсек, дзюдо боюнча "Хан Манас" кубогу үчүн эл аралык мелдеш быйыл 6-ирет уюштурулду. Мелдеште башкы сыйлык - колодон жасалган "Хан Манас" кубогу. Бул кубокту буга чейин эки жолу кыргыз спортчулары, үч жолу казак спортчулары утушкан.