"Бишкексвет" муниципалдык ишканасы бүгүн, 7-декабрда SUPER.KG'ге "Аламүдүн" базарынын тегерегиндеги көчө жарыктандыргычтар 4-декабрь күнү чак түштө текшерүү үчүн күйүп тургандыгын билдирди. "Жол жарыктандыргычтарын адистер түнкүсүн текшере алышпайт. Ошондуктан күндүз шаарды тилкелерге бөлүп, лампалардын кайсынысы күйүп, кайсынысы өчүп, иштебей калганын текшеришет",- дешти "Бишкексветтен".
Эскерте кетсек, аталган көчө жарыктандыргычтар чак түштө күйүп турганын окурман 4-декабрда "ЭЛДИК КАБАРга" маалымдаган эле.