2-6-декабрь аралыгында Бишкекте волейбол боюнча клубдар аралык өлкө чемпиондугунун 1-туру орун алды. Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өткөн мелдеште Жогорку Лиганын жана Улуттук Лиганын жеңүүчүлөрү аныкталды.
КРнын Волейбол федерациясынан кабарлашкандай, Жогорку Лигада Жалал-Абад облусунун өкүлү “Динамо” клубу жеңишке жетишти. “Динамочулар” мелдеште 5 оюн өткөрүп, анын ичинен 4 оюнда жеңүүчү аталуу менен 12 упай топтоду. Кийинки эки орунду бишкектик “Улар” жана оштук “Ош” командасы багындырды.
Ал эми Улуттук Лигада учурдагы өлкө чемпиону “Ош бажы” командасы жеңүүчү аталды (12 упай). Кийинки эки орунду “Улуттук гвардия” (11 упай) менен “Жети-Суу” командасы (11 упай) ээледи.
Улуттук Лиганын жана Жогорку Лиганын 2-туру 2016-жылы январь айында өтмөкчү.