Футзал боюнча өлкөнүн Суперлигасынын алкагында катардагы оюндар өттү. Бул тууралуу Футбол федерациясынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, "А" зонасында бишкектик "Эмгек" жана "Фарватер" клубдары эки күндүн ичинде эки оюн өткөрүп, 4:4 жана 5:5 эсептери менен ойношту. "В" зонасында Жалал-Абаддын "Динамосу" "Ош бажысы" клубун 4:2 эсеби менен жеңди. Оштук "SRT" клубу "Химик" (Сузак) менен ойноп, 11:4 эсеби менен утту.
Жакынкы оюндар:
9-декабрь, 2015
"Ош бажысы" – "SRT"
"Химик" – "Динамо"
11-12-декабрь, 2015
"Фарватер" – "Мурас"
"Нурфинанс" – "Эмгек"