Бишкекте “Манас” эпосунун күнүнө карата “Жаш манасчы” аттуу сынак өттү

Бишкекте “Манас” эпосунун күнүнө карата “Жаш манасчы” аттуу сынак өттү. Муну бүгүн, 7-декабрда калаа мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, "Манас" эпосун айтуу боюнча сынакка бала бакча жана башталгыч класстардын тарбиялануучулары катышты. Иш-чаранын жыйынтыгы менен бала бакчалар арасында 1-орунду №165-бала бакчадан Дастан Нурланов, 2-орунду №1-бала бакчадан Илимбек Абдыкадыров, №79-бала бакчадан 3-орунду Абдыкалык Бактыбеков жана 4-орунду Илим Кыргызалиев алды.

Окуучулар арасында 1-орунга №39-мектеп-гимназиясынан Элбарс Асыкбеков, 2-орунга №66-мектеп-гимназиясынан Акжол Макелов, 3-орунга №59-орто мектептен Калыбек Майрамбек уулу, 4-орунга №58-орто мектептен Акылай Жолдошбек кызы татыды. Сынактын жеңүүчүлөрү баалуу белектер жана грамоталар менен сыйланышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Maripa
2015-12-07 12:29:36
Оркунунор оссун. Азаматсынар. Манастын урпактары.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан