"Ош аймактык каттоо жана сынак бөлүмүнүн имаратынын ичинде соода кылуу фактысы болгон эмес". Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда SUPER.KG порталына Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. “Ош аймактык автомототранспорт каражаттарын каттоо жана сынак бөлүмүнүн башчысы Акылбек Абжалов мындай факт болбогонун билдирди. Окурман жиберген сүрөт мындан бир нече жыл мурун тартылган болушу ыктымал. Ал учурда биздин мекеме имаратты ижарага алып иштетип келген жана анда ким кандай соода кылып жатканына кийлигишкенге акысы болгон эмес. Ушул жылы соттун чечими менен бул имарат мамлекеттин карамагына өтүп, ал жерде соода кылууга тыюу салынган.
Ошондой эле Мамлекеттик каттоо кызматынын Мүлктү каттоо башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Айбек Сулайманов Ош шаарында 2015-жылдын 29-октябрынан 31-октябрына чейин кызматтык иш сапары менен Ош аймактык автомототранспорт каражаттарын каттоо жана сынак бөлүмүндө болуп, мындай фактынын болбогонун тастыктады”,- деп айтылат мекеменин маалыматында.
Эскерте кетсек, окурман 30-ноябрь күнү аталган бөлүмдүн имаратында жарандар стол коюп алып соода кылып жатышканын сүрөткө тартып, "ЭЛДИК КАБАРга" маалымдаган эле.