Азамат Байматов Бахрейнде алгачкы голун киргизди, коргоочу Виктор Майер 2 гол жаратты, Антон Землянухин менен Мирлан кайрадан айырмаланышты

Чет өлкөлөрдө ойноп, өз тажрыйбаларын арттырып жүргөн улуттук курамдын футболчулары акыркы аптада тобу менен айырмаланышты. Тактап айтсак, аптанын акыркы күндөрүндө өз клубдарында ойногон кыргыз футболчуларынын ичинен гол жаратып айырмалангандар көп болушту. Баарына бирден токтолуп чыкмакчыбыз.

ГОЛДУН АВТОРУ МИРЛАН МУРЗАЕВДЕН КҮЙӨРМАНДАР САЛЬТО ЖАСООНУ СУРАНЫШТЫ

Футбол боюнча Түркия биринчилигинин 4-лигасындагы "Афжет Афьонспор" клубунда ойноп жаткан Мирлан Мурзаев бул жолу кезектеги голун киргизди. 10-тур оюнунда аталган клуб конокто "Ишехиаспор" клубун 0:3 эсебинде утту. Бул гол команданын лидерлик саптагы ордун сактап калуусуна шарт түздү. М.Мурзаев гол киргизген соң сальто ашып белгилейт эмеспи. Оюндан кийин клубдун күйөрмандары андан ошол сальтону кайталап берүүнү суранышты. Футболчу алардын каалоосун орундатты.

АНТОН ЗЕМЛЯНУХИНДИН ГОЛУ КОМАНДАГА ЖЕҢИШ АЛЫП КЕЛЕ АЛГАН ЖОК

Сербиянын "Раднички Ниш" клубунда ойноп келген Антон Землянухин бул аптада клубу менен жеңилүү ызасын тартты. Сербиянын Суперлигасынын 19-турунда "Раднички Ниш" конокто "Воздовац" клубуна утулуп калды. Үй ээлери 4-мүнөттө эсепти ачышса, Антон 11-мүнөттө эсепти теңеди. 2-таймда "Воздовац" клубу катары менен 2 гол киргизип, жеңишке жетишти. Калган убакытта Антон Землянухин өнөктөштөрү менен биргеликте гол жарата алган жок. "Раднички Ниш" азырынча мелдеш жадыбалында 5-орунда келүүдө.

КОРГООЧУ ВИКТОР МАЙЕР 2 ГОЛ ЖАРАТТЫ

Германиянын "Түндүк" аймактык лигасында ойногон "SV Meppen" клубу бул жолу мелдештин 16-турунда өз үйүндө "TSV Schilksee" клубун кабыл алды. Беттеш 4:1 эсебинде аяктап, үй ээлери ири эсептеги жеңишке жетишти. Улуттук кураманын коргоочусу Виктор Майер бул беттеште 2 гол жаратты. Азырынча анын командасы мелдеште 4-орунду ээлеп келүүдө.

АЗАМАТ БАЙМАТОВ БАХРЕЙНДИН БИРИНЧИЛИГИНДЕ АЛГАЧКЫ ГОЛУН КИРГИЗДИ

Учурда Бахрейдин Премьер-Лигасында "Ситра" клубунун курамында ойноп жаткан коргоочу Азамат Байматов аталган лигадагы алгачкы голун киргизди. Мелдештин 6-турунда "Ситра" конокто "Аль-Хал" клубун 0:2 эсебинде утту. Оюндагы экинчи голду А.Байматов өз эсебине жазды. Бул жеңиш менен "Ситра" клубу мелдеш жадыбалында 5-орунга көтөрүлдү.

*

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
Azim.00kg
2015-12-07 13:48:57
Мыктысынар
+2
asad345
2015-12-07 13:49:10
чынырганын уккандай эле болосунго, суротун коруп Байматов азамат, ой молодец
+5
Ruslan_d
2015-12-07 13:49:12
Эн жакшы ушундай ойноп кыргыз футболболун онуктуро бергиле!
+1
Aster8710t
2015-12-07 13:49:27
Кыйратыптыр
+1
Ailo
2015-12-07 13:54:12
Жер титиреди...
+6
Lintel
2015-12-07 14:04:01
Ailo, Ошто жер титироо жакшы эле болду
+1
Ailo
2015-12-07 15:06:58
Lintel,Оштон жаздымда)
+1
talant87
2015-12-07 13:55:45
Алабукада билинип билинбес болду
0
Neizvestno777
2015-12-07 14:02:30
Ошто тузук эле билинди узак болду
0
rahali
2015-12-07 14:06:53
Жалабатда секин бирок узагырак болду 3 баллдын тегереги болду окшойт
0
Mars55
2015-12-07 14:08:38
Азаматсынар
0
Urmat-1989
2015-12-07 14:10:28
азаматсынар
0
briliant87
2015-12-07 14:53:52
Жер титиредиби а
0
Umnitsa
2015-12-07 15:22:16
Ушу голдорду Кыргызстандын атынанда киргизгиле
+2
malywKG
2015-12-07 17:57:07
Баарынар Байматовсунар
0
beku5761
2015-12-07 21:45:43
Азаматтар. Ийгилик
0
arzyke
2015-12-08 05:33:54
futbol jana jer titiroo dep tema achsanar jakwy bolmok eken
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан