"Алай" футболдук клубу эл аралык мелдешке катышуу алдында курамын 1 чабуулчу жана 1 жарым коргоочу менен күчтөндүрөт

Өлкө чемпиону "Алай" футболдук клубу АФКнын Кубогунун тандоо турунда ливандык “Триполи” клубу менен беттешет. Беттеш 2016-жылы 9-февралда Ливанда өтөт. Дал ушул оюнда жеңип чыккан команда АФКнын Кубогунун тайпалык баскычына жолдомо алат.

Беделдүү эл аралык мелдешке жолдомо алуу үчүн "Алай" футболдук клубу колдон келген аракетин көрөт. Буга чейин клуб демөөрчү издеп жатканын жар салган. Ошондой эле клуб курамын 2 футболчу менен күчтөндүрүү аракетин көрүп жатат. SUPER.KG порталына команданын медиа-офицери Кубанычбек Ураимов билдиргендей, команда учурда 1 жарым коргоочу жана 1 чабуулчуга муктаж болууда. "Курам өлкөдөгү клубдардын айрым футболчулары менен толукталат же чет өлкөдөн алынып келинет. Азырынча бул маселе суроо бойдон калууда. Жакынкы аралыкта баары белгилүү болот",- дейт
К.Ураимов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
bazarkyl
2015-12-07 15:40:24
ичи тардыкты токтотуп, көмөк көрсөтүш керек. Демөөрчү табылыптырбы?
+4
Maks_shop
2015-12-07 17:26:09
Ооба жардам берүү керкек,башка клубдардан деле кошсо болмок
+2
malywKG
2015-12-07 17:45:52
Коп тукурсо кол болот жардам бериш керек спортту онуктуруш керек
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан