Ош облусунда жетим балдарга кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү

Ош облусунда жетим балдарга кайрымдуулук жардамы көрсөтүлдү. Муну бүгүн, 7-декабрда Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чаранын жүрүшүндө Ош облусунун аймагындагы турмуш шарты оор деп эсептелген 150гө жакын жетим балага кайрымдуулук катары кышкы жылуу кийимдер жана бут кийимдер берилди. Аталган балдардын көпчүлүгү Чайчи айылындагы жер титирөөдөн жабыр тарткандар.

Кайрымдуулук иш-чарасынын алкагында Чайчи айылынын жер титирөөдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөрүнө да азык-түлүк берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан