Декабрь айынын алгачкы аптасы артта калса да, өлкө аймагында кар жаай элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Гидрометеорология агенттиги өлкө аймагында кардын жаашы 9-11-декабрга туура келерин билдирет.
Маалыматка ылайык, дал ушул көрсөтүлгөн аралыкта өлкө аймагында жаан-чачын мол катталып, суук аба ырайы күтүлөт. 9-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, карга айланып, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. 10-11-декабрда мезгил-мезгили менен кар жаайт. 9-декабрда күндүз жана 10-декабрда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.