Москва шаарындагы скверлердин бирине Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды

Москва шаарындагы скверлердин бири Чыңгыз Айтматовдун атын алды. Мындай маалыматты бүгүн, 7-декабрда Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 26-октябрда Шаардык мекеме аралык комиссиянын чечими менен Даниловск районундагы Люсиновская жана Большая Серпуховская көчөлөрүнүн кесилишине жакын жайгашкан скверге улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы ыйгарылды.

Белгилүү болгондой, буга чейин 2-октябрда кыргыз жергесинин Орусиядагы элчиси Болот Жунусов Москва өкмөтүнө расмий түрдө кайрылып, Ч.Айтматов атындагы сквер ачуу тууралуу сөз кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhenishmyrza
2015-12-07 16:55:23
Жакшы))
+2
suhrab.kg
2015-12-07 22:23:49
сквер эмне?
-2
kaiymov
2015-12-08 00:42:36
suhrab.kg, сквер бул кабаттуу уйлордун арасындагы бак, же кичинекей парк деп койсо да болот.
0
Moskva.kg
2015-12-08 01:52:50
Куттуктайм Чынгыз Айтматов биздин сыймыгыбыз ал коп мамлекеттерге таанылтып койду Кыргызстанды,биз билбедик жетбедик кадырына колдой албадык козу барда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан