Карьерасында миңден ашык беттеш өткөрүп, 131 гол жараткан дарбазачы Рожерио Сени карьерасын жыйынтыктады

Бразилиянын “Сан-Паулу” клубунун курамында 1992-жылдан тарта ойноп келген легендарлуу дарбазачы Рожерио Сени карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда чет элдик маалымат булактары кабарлады.

Маалыматка ылайык, 42 жаштагы дарбазачы карьерасында “Сан-Паулу” клубунда гана ойноп, жалпысынан
1237 беттешке чыккан. Ошондой эле Бразилия курама командасынын курамында 16 беттеш өткөргөн. Сени Бразилиянын 3 жолку чемпиону жана Либертадорес кубогунун 3 жолку ээси, 2002-жылкы Дүйнө чемпиондугунун алтын медалы да бар. Рожерио Сени футбол тарыхында эң көп гол жараткан дарбазачы катары белгилүү. Ал жалпысынан 131 гол киргизе алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
shailoo2015
2015-12-07 17:35:48
Баратадан баратага гол киргизиш өтө эле кыйын болсо керек
0
nursultan1
2015-12-07 18:02:46
shailoo2015, кыйын эмес а мүмкүн эмес. Сени дээрлик бардык голун пенальтиден киргизген.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан