Бишкекте ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга акысыз спектакль тартууланды. Муну бүгүн шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, Свердлов районунун администрациясы М.Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театры менен биргеликте “Ким күчтүүрөөк?” аттуу спектаклди балдарга көрсөтүштү. Бул иш-чара “Биз биргебиз!” аттуу кайрымдуулук бир айлыгынын алкагында өттү. Ага №21-атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын тарбиялануучулары чакырылышкан.