Молдовановка жана Жаңы-Покровка айылдарында жайгашкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелериндеги кызматкерлер үчүн концерт уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн, 7-декабрда ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Т.Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык окуу жайынын студенттери аталган концертке катышып, өз өнөрлөрүн көрсөтүштү. "Мындан тышкары иш-чарага аскер кызматкерлери да катышышты. Концертти көргөндөр аткаруучулардын өнөрлөрүн жогору баалашты",- деп жазылат маалыматта.