"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Адистер дарыларды талапка жооп бербеген шартта сатууну токтотуу үчүн рейддер жүрүп жатканын айтышты

Бир катар мамлекеттик мекемелер дары-дармектерди талапка жооп бербеген шартта сатууну токтотуу үчүн ай сайын жок дегенде бирден рейд жүргүзүп келишет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 8-декабрда Дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо департаментинин Дары-дармектер боюнча маалымат борборунун жетекчиси Замир Акаев билдирди. Анын айтымында, укук коргоо органдары, аталган департамент, Каржы полициясы, Салык кызматы жана башка органдар биргеликте өлкө боюнча мыйзамсыз жана тиешелүү лицензиясы жок сатылып жаткан фармацевтикалык товарларды тартып алуу иштерин жүргүзүп келишет.

“Базарда дары-дармек саткан адамды кармаган учурда ага 2 миң сом гана айып пул салынат. Ал эми лицензиясы жок иштеп жаткан дарыканаларга айып пул 5 миң сомдун тегерегинде болот. Экинчиден, рейд жүрүп жатканы соодагерлер арасында бат тарап, алар соода түйүндөрүн жаап коюшат. Бул нерсенин баары мыйзамсыз дары-дармек сатуу учурларын жок кылууга тоскоолдук жаратууда”,- дейт адис.

Замир Акаев жарандарды дарыканадан башка жерлерден дары-дармек сатып алуудан алыс болууга чакырды. “Мындай товарлар, биринчиден, жасалма болушу ыктымал. Ал таза жана фирмадан чыккан учурда деле аны сактоо шарты туура эмес болгондуктан, бат бузулуп же дарылык касиетин жоготуп коёт. Мындай фармацевтикалык каражатты колдонуу ден соолук үчүн өтө кооптуу”,- деди ал.

Эскерте кетсек, Баткен шаарындагы "Айдаралы" базарында соодагерлер дары-дармектерди башка товарларга аралаштырып, талапка жооп бербеген шартта сатып жатышканын 7-декабрда окурман "ЭЛДИК КАБАРга" маалымдаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Arslan12
2015-12-08 12:07:57
Адистердин 20 жылдан бери корбой келгенине тан каласын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан