2016-жылы Бишкектин айрым конуштарына газ берилет. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда шаардык кеңештин отурумунда вице-мэр Эркин Исаков билдирди.
"Учурда райондордо жана конуштарда орнотулчу газ түтүктөрүнүн схемалары даяр. Азыркы тапта "Газпром" буга акча каражат бөлүү маселесинин үстүндө иштеп жатат. Кийинки жылы бир катар конуштарда бул долбоор ишке ашары күтүлүүдө",- деди Исаков.
Эскерте кетсек, 2015-жылдын 30-январында КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев жана орусиялык “Газпром” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер Кыргыз Республикасынын ар бир облусуна газ жеткирүү боюнча келишимге кол коюшкан.