Бишкектин Ак-Ордо конушундагы кафенин эшигин сындырып кирип, 8 миң сомго зыян келтирген адам кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Арча-Бешик конушунун 46 жаштагы тургуну милицияга кайрылып, белгисиз адамдар Ак-Ордодогу кафеге кирип, уурулук кылганын айткан. Жалпысынан 8 миң сомго зыян келтирилгени аныкталган. "Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө Ленин РИИБинин кызматкерлери Чүй облусунун 30 жаштагы тургуну Т.Тилекти кармашты. Тергөө амалдары уланууда",- деп жазылат маалыматта.