Бүгүн, 8-декабрда Улуттук китепканада белгилүү жазуучу-манасчы, киносценарист, акын, публицист, котормочу Ашым Жакыпбековдун 80 жылдыгына арналган “Чебер сөз кереметине айланган өмүр” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды.
Ага ЖКнын депутаты Садык Шер-Нияз, маданият министри Алтынбек Максүтов, Бексултан Жакиев жана башка коомдук-саясий ишмерлер катышты. Иш-чара А.Жакыпбеков тууралуу даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды. Көргөзмөгө жазуучунун бардык китептери, котормолору, макалалары, публицистикалары, фотодокументтери сыяктуу материалдар коюлду.
Ашым Жакыпбековдун чыгармачылык жолу 1957-жылы башталган. Алгачкы китеби “Айгашка”, “Жаралуу көгүчкөн” деген ат менен 1961-жылы басылып чыккан. “Катаал багыт”, “Биз атасыз өскөнбүз”, “Кыргыз жеринин жомоктору”, “Айдагы жез кемпир” деген жыйнактары кыргыз адабиятынын алтын текчесинен орун алган.