"Гүлчөдө асынган абалда табылган аскер үй-бүлөлүк кырдаалга байланыштуу өз өмүрүнө кол салган" дейт Башкы штабдын өкүлү

Бүгүн, 8-декабрда “Кыргыз армиясындагы реформанын бүгүнкү күндөгү жүрүшү” аттуу тегерек столдун жүрүшүндө Башкы штабдын өкүлү Бакыт Жапаров Гүлчөдө асынган абалда табылган аскердин өлүмү тууралуу айтып өттү.

“Маалымат чыккандан кийин эле алдын ала божомолдорду айтуу туура эмес. Гүлчөдөгү өз өмүрүнө кол салган аскер боюнча иликтөө жүрүп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча, анын өлүмү үй-бүлөлүк кырдаалга байланыштуу болгон. Аскердин апасы анын акча которула турган банк картасын өзүнө алып алган жана акчасын да өзү алып турган. Апасы учурда "дооматым жок" деп жазып берди. Иликтөө бүткөндөн кийин гана жыйынтык чыгат”,- деди Жапаров.

Эске салсак, 1-декабрда Гүлчө айылында 24 жаштагы аскер кызматкери асынган абалда табылган. Алай райондук аскер комиссариаты аны 2014-жылдын жазгы чакырылышында кабыл алган. Ал аскер кызматын келишимдик негизде өтөп жүрчү. Бүгүнкү күндө Ош прокуратурасы кызматтык иликтөө иштерин жүргүзүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Geroy
2015-12-08 14:00:19
Кудай сактасын. Оз омуруно кол салды дегенге ишенбейм.
+4
aikokul14
2015-12-08 14:01:01
Жаткан жери жайлуу болсун,бардык проблемаларды чечсе болот эле го,жаш кеткенин окунучтуу...
+1
Alibi
2015-12-08 14:12:17
Өлтүрүштү
+2
Talgat87
2015-12-08 15:08:21
Дедовшина..
+2
japardos
2015-12-08 15:12:30
кантракник экенго анчалык эмне болгондур
0
ufc123456
2015-12-08 15:21:17
Azyrky uchurda armi9 emes ele dedcat bolup kaldy bir jyldyk kyzmatynda jakwy otowo albai olup kalywyp atat erkek bolgondon kiin mekenge otduwi syimyk menen kyzmat kylyw kerek da
-2
vestel
2015-12-08 15:57:45
ufc123456, oshonu aytsan tym ele
+1
daniyar84
2015-12-08 18:33:41
Дедафшина жок азыр армия садик болуп калган
-1
striker
2015-12-08 21:51:51
Бул бала мекен учун бир жылдык кызмат эмес айлык учун уч жылдык келишим менен иштечуу экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан