Бүгүн, 8-декабрда “Кыргыз армиясындагы реформанын бүгүнкү күндөгү жүрүшү” аттуу тегерек стол өтүүдө. Анда аскерде келишимдик негизде кызмат өтөгөндөрдүн маселелери, ЖОЖдордо аскер кафедраларын жоюу, аскердеги баш аламандык, жоокерлердин коопсуздугу талкууланып жатат.
Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Сыргак Бодобаевдин айтымында, үстүбүздөгү жылда аскердеги коррупция боюнча 21 кылмыш иши козголгон. "Аскер билеттерин сатпоо, мыйзамды бузбоо үчүн аракеттерди көрүп жатабыз. Коррупциянын алдын алуу үчүн биз аскердеги абалды жакшыртышыбыз керек",- деди ал.
Ал эми Башкы штабдын өкүлү Бакыт Жапаровдун айтымында, көрүлүп жаткан чаралар жетишсиз болуп жатат. "Алгач жарандык коомдогу, жаштардагы "Мен армияга барып эмне кылам? Акча берип аскердик билетти сатып алам" деген ойду жоюу керек. Аскерге чакырылгандардын аң-сезими өзгөрүп, "намысым менен кызмат өтөйм" десе абал жакшырат. Аскердеги шартты, тартипти ондоо зарыл дешет. Туура, бирок комплекстүү чара көрүп, жарандар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.
Мисалы, өлкөбүз эгемендүүлүккө ээ болгондон тартып аскердеги кырдаалды илимий жактан изилдеген адам болгон эмес. Аскердик жамааттагы конфликт, анын келип чыгышын, алдын алууну эч ким изилдеген эмес. Биз коррупциянын алдын алуу, аскердеги абалды жакшыртуу дегенде эле
жарым-жартылай чара көрө баштайбыз. Көйгөйдү чечүүдө анын себептерин илимий жактан аныктап алышыбыз керек. Ошондо биз ордубуздан жыла албыз",- деди.