15-декабрда Бишкекте Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда кыргыз күрөшү боюнча уландар арасында өлкө чемпиондугу старт алат. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан мыкты балбандардын келип катышуусу күтүлүүдө.
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашкандай, анда 7 салмак категориясында өлкө чемпиондору аныкталат. 1-орунду ээлеген спортчуларга "КРнын Спорт чебери" наамдары ыйгарылат.