Ош шаарында мугалимдер арасында спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш болуп өттү. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынан кабарлашкандай, шаардагы 54 мектептин 20дан ашуун мектебинин мугалимдери бул мелдешке катышып, өздөрүнүн спорттук даярдыктарын көрсөтүштү. Спорттун негизги максаты мугалимдер арасында ынтымакты, достукту чыңдап, окуучуларды спортту сүйүүгө үндөө болду.
Мелдешке катышкан 15тен ашык команданын ичинен №50-мектептин мугалимдери мыкты оюн көрсөтүп, 1-орунду алышты. Ал эми №46-мектептин мугалимдер жамааты 2-орунду, №47-мектептин мугалимдери 3-орунду ээлешти. Алдынкы орунду ээлген командаларга баалуу белектер жана грамоталар ыйгарылды.