Бүгүн, 8-декабрда Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата кереге-маек өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз катчысы Элиза Качкымбаева билдирди.
Кереге-маекте КРнын Президентинин 2012-жылдын 2-февралындагы №26-жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы туруунун мамлекеттик стратегиясы жана анын Нарын шаарында жүзөгө ашырылышы боюнча маалымат берилди. Өкмөттүн токтомуна ылайык, коррупцияга каршы саясаттын мамлекеттик стратегиясын аткаруу боюнча мамлекеттик органдар тарабынан иш-чаралардын планынын аткарылышы туурасында да маалыматтар берилди.
Кошумчалай кетсек, 2004-жылдан тартып ар жылдын 9-декабрында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясы тарабынан Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнү белгиленип келет.