“Реал” футболдук клубу Чемпиондор Лигасынын 6-турунда швециялык “Мальмё” клубун 8:0 эсебинде утту. Бул беттеште 4 гол киргизген Криштиану Роналду тайпалык баскычтарда киргизген голдорунун санын 11ге жеткирип, жаңы рекорд койду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты билдирет.
Маалыматка ылайык, тайпада эң көп гол киргизген футболчу катары буга чейинки рекорддо Криштиану Роналду менен “Шахтёрдун” чабуулчусу Луис Адрианонун аты жазылып келген. Алар өткөн жылы тайпалык баскычтагы 6 оюнда 9дан гол киргизишкен.
Ошондой эле К.Роналду “Реалдын” акыркы 50 жылда аталган мелдеште 4 гол жараткан жалгыз футболчусу болуп калды. Акыркы жолу мындай ийгиликти 1965-жылы Ференц Пушкаш жаратып, 1 беттеште 4 гол киргизген.
Мелдештин учурдагы бомбардирлери:
11 гол – Криштиану Роналду (“Реал”)
5 гол – Артём Дзюба (“Зенит”), Роберт Левандовски (“Бавария”), Томас Мюллер (“Бавария”), Луис Суарес (“Барселона”).
4 гол – Карим Бензема (“Реал”), Виллиан (“Челси”), Антуан Гризманн (“Атлетико”), Адмир Мехмеди (“Байер”), Хавьер Эрнандес (“Байер”)