14-декабрда Алматыда Чыңгыз Айтматовдун жаркын элесине арналган иш-чара өтөт

14-декабрда Казакстандын Алматы шаарындагы “Мурас” этномаданий биримдигинде жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата анын жаркын элесине арналган иш-чара өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда “Замандаш” ассоциациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, эскерүү кечесине жазуучунун жээни Асан Айтматов чакырылган. Ал белгилүү тууганынын жолун жолдоп, Ч.Айтматовдун туулган күнүнө карата өзүнүн жаңы китебинин бет ачарын уюштурат.

Айта кетсек, Чыңгыз Айтматов 1928-жылдын 12-декабрында туулган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 128 өлкөсүндө 176 тилге которулган. Жазуучунун чыгармалары боюнча жыйырмадан ашык көркөм тасма тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан