Бүгүн, 9-декабрда Бишкектеги эски аянтта Коррупцияга каршы күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата флешмоб өттү. Ага Жогорку Кеңештин жаш депутаттары Жанар Акаев, Лунара Мамытова жана студенттер катышышты. Юридикалык академиянын студенттери "Ак терек, көк терек" оюну аркылуу коррупцияга каршы экендигин билдиришти.
“Ак футболка, ак кепка кийип ак ниетиңер менен коррупцияга каршы экениңерди билдиргениңер Ак үй менен Көк үйгө жетсин. Коррупция менен күрөшүү бир гана биздин мамлекетте эмес, башка өлкөлөрдө да жүрүүдө. Мисалы, Кытайда коррупциялык иштерге байланыштуу канчалаган чиновниктер атууга кетип жатат. Ага карабай коррупция токтой элек. Биздин өлкөдө 2010-жылдан кийинки бийлик да коррупция менен күрөшүп келет. Бул арада канчалаган кылмыш иштери ачылып, көп адамдар түрмөдөн орун табышты”,- деди Жанар Акаев.