Декабрь айынын алгачкы аптасы артта калганына карабастан, Дөлөн Өмүрзаков стадионунда майданга кара топурак себүү, чөп отургузуу иштери уланып жатат. Бул иштер жарым-жартылай аяктап калды.
Кошумчалай кетсек, жумуштар 19-ноябрда башталган (Иордания менен болгон беттештен кийин). Жумушчу топ учурда топурактын кесектери менен майдаларын ажыратып, майданга сээп чыкты. Эми чөптүн уругу себилет жана кар астына калтырылат.