Бокс боюнча супер оор салмактагы (91 килограммдан жогорку салмак) чемпион, британиялык Тайсон Фьюри Эл аралык бокс федерациясынын (IBF) чемпиондук наамынан ажыратылды. Буга мушкердин Владимир Кличко менен экинчи беттешти өткөрүүгө макулдук бергени себеп болгон. Чет элдик маалымат булактары кабарлагандай, Фьюри кезектеги беттешин украиналык Вячеслав Глазков менен өткөрүүгө тийиш болчу. Ал бул беттештен баш тартып, Кличкого макулдугун берген. Беттеш 2016-жылы өтөрү күтүлүүдө.
Кошумчалай кетсек, Т.Фьюри 29-ноябрда 12-раунддук беттештин жыйынтыгында Владимир Кличкону утуп алган (3 калыстын берген эсептери: 115-112, 115-112, 116-111). Бул беттештен кийин WBA Super, IBF, WBO жана IBO версиялары боюнча чемпиондук наамдар Тайсон Фьюринин карамагына өткөн.