Нарында миңге чукул жолбун итти атканы жатышат. Бул ишке бюджеттен 170 миң сом бөлүнгөн

Нарын шаарында жакын арада миңге чукул жолбун ит жок кылынат. Бул ишти аткарууга жергиликтүү бюджеттин эсебинен 170 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилген. Муну бүгүн, 9-декабрда Нарын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Нарын шаарында ит-мышыктардан жугуучу оорулардын тарап кетишине бөгөт коюу жана алдын алуу максатында жолбун иттердин санын азайтып, жок кылуу боюнча иштер жыл сайын жүргүзүлүп келет. Нарын шаарынын мэринин буйругу менен мергенчилик чарба менен келишим түзүлүп, жолбун иттерди атуу уюштурулууда. Ички иштер бөлүмү иттерди атып өлтүрүү учурунда коопсуздукту сактоо боюнча мергенчилерге көмөк көрсөтөт. Былтыр 150 миң сом бөлүнүп, 907 жолбун ит жок кылынган”,- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Zein
2015-12-09 13:57:19
Жолбун иттердин баары эле журот атылбай. Уйдогу ээси бар иттерди атып кетишет. Мусор жакты карашпай эшиктин алдын андып журушот.
0
maks83
2015-12-09 14:52:58
айылда да кобойду
0
lapochka96
2015-12-10 05:31:27
Байкуштарда не куноо;-(;-(
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан