Ошто жер титирөөдөн жабыр тарткан үй-бүлөлөр кышында жылууланган контейнерлерде жашашат

Ош облусундагы кырсык болгон аймактарга жылууланган, атайын мобилдик турак жайларга ылайыкташтырылган контейнерлер жөнөтүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда контейнерлердин 55 даанасы жасалып, жер титирөөдөн жабыркаган аймактарга 3-4 күндүн ичинде жеткирилип берилет. "Бүгүнкү күнгө чейин жабыр тарткан ондогон үй-бүлөлөр мобилдик турак жай менен камсыз болушкан. ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түндүк борборунун башчысы Асылбек Жусубалиевдин маалыматына ылайык, бир контейнерде экиден үй-бүлө жашайт, электр-монтаждык жабдуулар жана эшик-терезелери орнотулган. Бул контейнерлер бардык шарттары менен даярдалып, заманбап каражаттар менен жабдылгандыктан, кыштын суугуна туруштук берет. Буга чейин министрлик тарабынан мобилдик турак жайга ылайыкташтырылган ондогон контейнерлер жеткирилген",- деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
admin_portal
2015-12-10 11:24:02
alomir, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан