"Шериктештик Кубогу-2016" мелдешине бул жолу 8 мамлекеттин жаштар курама командалары катышат

Футбол боюнча жыл сайын өтүүчү "Шериктештик Кубогу" мелдеши 2016-жылы 16-27-январь аралыгында салттуу түрдө Орусиянын Санкт-Петербург шаарында орун алат. Бул тууралуу мелдештин расмий сайты кабарлайт.

Маалыматка ылайык, мелдеш бул жолу 24-ирет уюштурулмакчы. Кабыл алынган чечимге ылайык, мелдешке быйыл жылдагыдай 12 курама эмес, 8 курама катышат. Ага 1994-жылдан кийин туулган футболчулар катыша алышат. Катышуучу командалардын тизмесине Орусия, Беларусь, Казакстан, Тажикстан, Кыргыз Республикасы, Молдова, Эстония жана Литва курамалары киргизилген.

Кошумчалай кетсек, "Шериктештик Кубогу" 2015-жылы 16-25-январь аралыгында өткөрүлгөн. Ага 12 курама катышып, жыйынтыгында мелдешке алгачкы жолу катышып жаткан Түштүк Африка Республикасынын жаштар курамасы чемпиондукту камсыздаган. Кыргыз футболчулары 5-орун үчүн болгон оюнда орус футболчуларына уттуруп жиберишкен. 2016-жылкы мелдешке Түштүк Африка Республикасынын курамасы катышпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан