Коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата ИИМдин 5-Башкы башкармалыгы саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте тегерек стол өткөрдү. Анда коррупцияга каршы күрөшүүдө биргеликте иш алып баруу, маалымат алмашуу жана тажрыйба бөлүшүү маселелери талкууга алынды. Кыргыз мамлекети Евробиримдикке киргенден кийин Бажы биримдигиндеги өлкөлөрдөн алынып келип жаткан дары-дармектер көзөмөлдөнбөй жаткандыгы айтылды. Мындан улам базарларда каттоого алынбаган дарылар да сатылып жатат. Азыркы тапта тийиштүү органдар менен иштешүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалым болду.
Укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, ушул жылдын 11 айында саламаттыкты сактоо тармагында коррупцияга байланыштуу 51 факт аныкталган. Анын ичинен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу – 23, пара талап кылуу – 3, кызматкеринен мыйзамсыз сыйлык алуу – 9, ишенип берилген мүлктү өз эсебине өткөрүп алуу – 5, кызматтык жасалмалуулук – 1, пара берүү – 1, алдамчылык – 1, медицина кызматкерлеринин ишин так аткарбоосу – 1, жасалма документтерди жасоо жана сактоо – 2, мамлекеттин кызыкчылыгын эске албай келишим түзүү – 1, шалаакылык – 4. Жогорудагы фактылар боюнча 18 кылмыш иши сотко өтсө, 4 иш боюнча соттун өкүмү чыккан. 33 кылмыш иши иликтенип жатат.