№50-СИЗОдон качкандардын арасынан жалгыз тирүү кармалган Эдил Абдрахмановдун дарылануусун эл аралык уюм төлөп берет

№50-СИЗОдон качкандардын арасынан жалгыз тирүү кармалган Эдил Абдрахмановдун бутуна жасалуучу операциянын чыгымдарын Кызыл Крест Эл аралык комитети төлөп берет. Бул тууралуу бүгүн, 9-декабрда ЖАМКтын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, өмүр бою эркинен ажыратылган Абдрахманов учурда №47-колониянын ооруканасында жатат. "Октон улам анын санынын сөөгү сынган. Аны караган дарыгер көп каражат талап кылуучу операция керек экенин айткан. Мындан улам Жаза аткаруу кызматы Кызыл Крест Эл аралык комитетине кайрылган. Бул уюмдун башчысы Стефан Жакье Абдрахмановдун абалы менен таанышкан соң, операциянын чыгымдарын төлөп берүүгө макулдугун билдирген",- деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, түрмөдөн качуу болгондон 10 күн өткөндө, 22-октябрда Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Тоо айыл аймагынан Эдил Абдрахманов тирүү кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
zhykyo
2015-12-09 17:03:20
Ошондой да барбы ээ
0
AshatMJ89
2015-12-09 17:39:04
терроризмди колдогон уюм го ал
-3
skatoruk
2015-12-09 17:49:25
Бутун кесип эле таштабаптыр да
-1
Medina87
2015-12-09 17:56:11
Неси болсо да аман болсун, бул да бироонун баласы. Жанылгандыр,адашкандыр.
+6
ufc123456
2015-12-09 18:14:50
Edil myrza jatchy chalkalaap baardygy beker eken
0
vestel
2015-12-09 18:17:48
tushunboysun bularga
0
aku
2015-12-09 18:45:51
Американын кызыкчылыгы да
0
aikokul14
2015-12-09 19:18:12
Тооба,бизде эмне тез жардамдын озундо медициналык шак-шак жокпу,бутуна бир рейканы коюп туруп эле,кочодо жаткан жип менен эле байлап коюптур.
+2
AiBoru
2015-12-09 19:44:35
Бул да болсо бир пенде куноосу чын эле тоодойбу, же калп эле подствабы аны жалгыз Аллах билет. Мусулман адамдары бир да тируу жанга жамандык каалабайбыз, айыгып кетсин.
Бирок эмне учун, эмне максатта жардам кылып жатат болду экен? Толтура эле кишилер ар кандай оорулар менен ооруп дарылануусуна жардам сурап кайрылып жатышпайбы??? Ошончонун ичинен Эдилди тандоосуна эмне максат
0
roma91
2015-12-10 00:06:33
Ал да адамда ал да биронун баласы биронун бир тууганы азамат ошо операциясын каржылаган уюумга рахмат айтар элем.
-2
Erniet
2015-12-10 04:32:23
Эх баарыбыз куноосуз наристе болуп торолобуз Эмнеге адамдар согушат Тенсиздиктен Устомдуктон жана тушунбостуктон
+1
spb-jarygym
2015-12-10 14:17:20
просто бир жерин куйотда....бул бизге окшогон адам...тим эле тируу кармалган деп жазыпсынар...керек болсо баардыгын тируу кармаш керек болчу
-4
omurbek1990
2015-12-10 18:06:31
ушул боорукер болгондордучу...... Эдил Абдрахманов эгер таза болсо; 2010 -жылы уч участковый милицияны 8 мкр до аткандардын ичинде болмок беле. Ал жерден атып качып чыгышып, Бешкунгойдо жашырынып жатышкан. Ал жерден кармайын дешкенде куралдуу каршылык корсотушуп, гилтейген Офицер ГКНБ кы кайтыш болгон. Ошол жерден бир козунон ажыраган. Беш жыл отуп дагы ушундай иштин ичинен чыгып атат. Буга эмне дейсинер. Ообщий 8 адамдын олумуно катыштыгы болуп атат бунун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан