2015-жылдын 11 айында 3630 өрт кырсыгы катталды. Көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 10,6 пайызга кыскарган. Бул тууралуу 9-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Өрт кырсыгынан 49 адам жабыркаган. 56 адамдын өмүрү сакталып калса, 36 адам каза тапкан, анын төртөө жаш балдар. Өрттөн болгон материалдык чыгымдар 244 миллион сомду түздү.
Тилсиз жоонун негизги себептери: отко этиятсыздык менен мамиле кылуу - 42,1 пайыз, электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 26,8 пайыз, балдардын от менен ойноосунан - 9,7 пайыз, мештерди жана морлорду этиятсыздык менен колдонууда чыккан өрт 6,3 пайызды түздү.
Өрт кырсыктарынын басымдуу бөлүгү Чүй облусунда катталган. Тактап айтканда, Чүйдө 1044, Бишкек шаарында 769, Ош облусунда 479, Жалал-Абад облусунда 476, Ысык-Көл облусунда 310 өрт болгон.