Талас облусунун Тамчы-Булак айылында бала бакча ачылды

Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Тамчы-Булак айылында бала бакчанын ачылышы болду. Бул тууралуу 9-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага ЖКнын депутаты Дастан Жумабеков, өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, Кара-Буура районунун акими жана жергиликтүү тургундар катышышты.
50 орундуу бала бакчанын курулушу 2014-жылы башталып, жалпысынан 3 870 000 сом каражат кеткен. Бала бакчада тарбиялануучулар үчүн заманбап шарттар түзүлүп, тийиштүү эмеректер, оюнчуктар, адабий китептер алынып келинди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан