Бүгүн, 9-декабрда УЕФАнын Чемпиондор Лигасынын тайпалык баскычы толугу менен жыйынтыкталат. Бул күнү “Е”, “F”, “G” жана “H” тайпаларында экиден оюн орун алат. Жыйынтыгында тайпадагы алдынкы эки орунду ээлеген экиден команда кийинки баскычка чыгат.
Кошумчалай кетсек, бардык беттештер Бишкек убактысы боюнча 01:45те башталат.
“Е” тайпасы
Бул тайпада “Барселона” кийинки баскычтын жолдомосун эбак камсыздаган. Калган 3 команданын ортосунда күрөш дагы да уланууда.
“Байер” (Германия) – “Барселона” (Испания)
“Рома” (Италия) - БАТЭ (Беларусь)
“F” тайпасы
Бул тайпадан “Бавария” кийинки баскычка чыккан. 2-орунду ээлеп, кийинки баскычка чыгуу аракетин лондондук “Арсенал” катуу көрүп жатат. Эгер “Арсенал” бүгүн “Олимпиакосту” конокто утса, максатына жетет. Тең чыгуу же жеңилүү клубдун мелдештен четтеп калуусуна алып келет.
“Динамо” (Загреб, Хорватия) – “Бавария” (Германия)
“Олимпиакос” (Греция) – “Арсенал” (Англия)
“G” тайпасы
Бул тайпада бир дагы команда кийинки баскычтын жолдомосун камсыздай элек, бирок тайпадан “Челси”, “Порту” жана “Динамо” клубдарынын бири чыгары белгилүү. “Челси” – “Порту” беттеши тең чыгуу менен аяктаса же командалардын бири жеңишке жетишсе, украиналык “Динамонун” тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү артат.
“Челси” (Англия) – “Порту” (Португалия)
“Динамо” (Киев, Украина) – “Маккаби” (Израиль)
“H” тайпасы
Орусиялык “Зенит” буга чейин 5 оюнда катары менен жеңишке жетишип, кийинки баскычка чыкмай болгон. “Валенсия” менен “Гент” 2-орунду талашып жатат. Бүгүнкү оюндар кайсы команданын мелдеште каларын, кайсы команда Европа Лигасына жөнөй турганын көрсөтөт.
“Гент” (Бельгия) – “Зенит” (Орусия)
“Валенсия” (Испания) – “Лион” (Франция)