Топ теппей туруп кыргыз футболун өнүктүрүүгө салым кошкон адистер: дарыгер, топ ташуучу жана ураан чакырган күйөрман...

10-декабрда дүйнө жүзүндө Бүткүл дүйнөлүк футбол күнү белгиленип келет. Дүйнөдөгү №1-оюн аталган футбол барган сайын кучагын жайып, бардык өлкөлөр спорттун дал ушул түрүн өнүктүрүү аракетин көрүшөт. Кыргыз жеринде да бул оюндун орду бар жана биз сыймыктанган улуттук курама команда, биз сыймыктанган футболчулар бар.
SUPER.KG порталы бул күнгө карата футбол чөйрөсүндө көмүскөдө эмгектенип, футболдун өнүгүшүнө салымы бар адамдар тууралуу сөз кылат. Алардын басымдуу бөлүгү кагаз кармап, топ теппей туруп бул спорт түрүнө тиешелүү деңгээлде салым кошуп келишет.

КЫЗЫЛ ТҮС МЕНЕН БОЁНГОН КҮЙӨРМАНДАР

Улуттук кураманын Бишкектеги оюндарына каттаган, топ-тобу менен, катар-катары менен колун ылдыйдан жогорку көтөрүп "Мексика толкуну" ыкмасын жасаган күйөрмандардын эмгеги ат көтөргүс. Алардын катарында өзүнчө секторду ээлеп, кызыл түс менен боёнгон күйөрмандар кыймылынын өкүлдөрү да бар. Алардын башка күйөрмандардан айырмасы - хор менен футболчулардын аттарын атап, маал-маалы менен "Алга, ак шумкар!" деген ураан чакырышат.
Аталган кыймылдын өкүлү Чынара Сабырова бул топтун түзүлгөнү, максаттары тууралуу SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди: "Күйөрмандар кыймылы 2-3 жылдан бери иштейт. Башында "Дордой" футболдук клубунун оюндарына барып, клубдун ураанын чакырчубуз. Анда "Dordoi Ultra`s" деп аталган топто 50дөй күйөрман бар эле. Улуттук курамга жан тарткан күйөрмандар кыймылынын түзүлүшүнө бул топтун салымы зор. Улуттук курамдын оюндарында биздин катарга бардык каалоочулар кошула алышат. Биз күйөрмандарды социалдык тармактар аркылуу жар салуу менен топтойбуз. Фансекторго эң көп сандагы күйөрманды Австралия менен болгон оюнда чогулттук. Анда 600 күйөрман кызыл түстө кийинип, кызыл түс менен боёнушкан".

"ДОК" ЖЕ КОМАНДАНЫН ДАРЫГЕРИ

Ар бир команданын тиешелүү дарыгери бар. Улуттук кураманын дарыгерлери команданы чет жактагы жана Бишкектеги оюндарда, машыгуу сборлорунда дайыма коштоп жүрүшөт. Футболчулар команданын дарыгерин "Док" деп атап коюшат ("доктор" деген сөздүн кыскартылышы). Дарыгер оюнчулардын физикалык күчүн өлчөп, мелдеш же сбор учурунда алардын туура тамактануусун көзөмөлдөп, машыктыруучуга тиешелүү маалыматтарды берет. Ошондой эле оюн маалында же башка учурда футболчуларга медициналык жардам керек болгондо биринчи аракетке өткөндөр дал ушул дарыгерлер. Маанилүү оюндарда алардын катарына дагы 2 физиотерапевт кошулат.

БОЛБОЙЛОР ЖЕ ОЮНДАРДА ТОП ТАШЫГАН ЖАШ БАЛДАР

Футбол беттештеринде топ майдандан чыгып кеткен учурда футболчуларга топ берип турган жаш балдарды байкадыңыз беле? Алар "болбой" (англис тилинен ball - топ, boy - бала сөздөрүнөн алынган, "топ берүүчү бала" дегенди түшүндүрөт) деп аталып, 90 мүнөт футболчулардын кызматында болот. Алар алыс кеткен топторду майдан четине алып келип, футболчулар топту оюнга киргизерде топту ушул балдардан алышат. Болбойлор футболдо убакытты үнөмдөөдө чоң роль ойношот. Аларды сиз улуттук курамдын оюндарында, өлкө чемпиондугу - ТОП-Лиганын беттештеринде сөзсүз байкасаңыз керек...

КООПСУЗДУК КЫЗМАТКЕРЛЕРИ

Стадиондо тартиптин ролу өтө чоң. Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА) тартипке катуу көз саларын Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы 28 миң долларга айыпка жыгылганда байкадык. Андыктан коомдук тартипти сактоого тартылган күч түзүмдөрүнүн кызматкерлеринин да футболго кошкон салымы зор. Тартипти сактоого Бишкектеги оюндарга кем дегенде 3 миң кызматкер тартылат. Алар футболго 5 саат калгандан тарта фанаттар үйлөрүнө тараганга чейин тикесинен тик туруп, акыр-аягына чейин кызмат кылышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
skatoruk
2015-12-10 16:04:36
Футболдун онугуусу акырындык менен байкалып келе жатат, Алгала бер КЫРГЫЗ футболу!!!
+12
bazarkyl
2015-12-10 16:35:20
10 декабрды биринчи угушум. Жакшы кабар.
+4
BakytAliev
2015-12-10 22:51:26
эмнеге суроттор тикесине узуун болуп чыгып атат жамаат ушуну ондоп коюнуздарчы
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан