19-20-декабрь аралыгында Бишкекте Митал Шариповдун жаркын элесине арналган оор атлетика мелдеши өтөт. Бул тууралуу КРнын Оор атлетика федерациясынан кабарлашты.
Мелдешке 1998-жылы жана андан кийин туулган спортчулар катышат. Жалпысынан 15 салмак категориясында жеңүүчүлөр аныкталмакчы.
Кошумчалай кетсек, Митал Шарипов кезинде оор атлетика боюнча Азия оюндарынын (1994-жылы) коло медалын, Азиянын чемпиондугун (2000-жылы) уткан. Ошондой эле өлкө чемпиондугун бир нече жолу багынтып, далай рекорддорго атын жазган. Ал 2011-жылы декабрь айында көз жумган.